Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Башына ок жеген КСДПнын депутатынын абалы туруктуу


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук милиция башчысы Сталбек Усубакунов анын туугандарына таянып билдирди. Бостери айылдык кеңешинин депутаты, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Чынаркүл Молдошеваны белгисиз бирөөлөр 2-августтан 3-августка оогон түнү атып кетишкен. Учурда депутат Бишкектеги ооруканада жатат. Маалыматтар боюнча депутаттын мурдуна ок тийген.

Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон, учурда милиция издөө-иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG