Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Өкмөт башчы “Кыргызтелекомдун” сатылышына каршы


Өкмөт “Кыргызтелеком” ишканасын менчиктештирүү программасынан чыгарууну сунуштоодо. Мындай маанидеги токтом премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин колу менен жакынкы күндөрү Жогорку Кеңешке жиберилди. Өкмөттүк басма сөз кызматынын маалыматы боюнча ишкананы менчиктештирүү баалардын кымбатташына алып келет. Анда айтылгандай, жаңы кожоюн коомчулуктун социалдык кызыкчылыктарын эске албай туруп, болушунча пайда көрүүгө умтулат. Ушундан улам, “Кыргызтелеком” ишканасынын менчиктештирилүүсү менен өлкөнүн алыскы аймактарындагы айылдар маалымат жагынан сырткы дүйнөдөн бөлүнүп калуу коркунучу бар деп белгиленет өкмөттүн билдирүүсүндө.

“Кыргызтелекомду” чыгашалуу ишкана катары менчикке чыгаруу маселеси 2004-жылдары көтөрүлгөн. 2010-жылы 5-февралда ишкана Казакстанда жана Кипрде катталган аты белгисиз концорциумга 43 миллион долларга сатылган. Бирок 7-апрелдеги элдик толкундоодон кийин кайрадан мамлекетке кайтарылган. “Кыргызтелекомдун” курамындагы Республикалык радиорелейкалык магистралдар өндүрүштүк бирикмеси 2008-жылы Жогорку Кеңеш кабыл алган стратегиялык объекттердин тизмесине киргизилген. Мыйзамга ылайык, стратегиялык объекттер мамлекеттин карамагында болуп, сатыкка коюлбашы керек. 2011-жылы “Кыргызтелекомду” сатуудан мурун андан аталган бирикмени бөлүп чыгаруу демилгеси көтөрүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG