Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы АКШнын 19 өкүлдүгү жабык турат


Ыктымал террордук чабуулдарга байланыштуу Жакынкы Чыгыш менен Африка өлкөлөрүндөгү Кошмо Штаттардын 15 элчиканасы жана 4 консулдугу 10-августка чейин жабык болот.

Жекшемби күнү жабылган айрым кеңселер, анын ичинде Багдаддагы, Кабылдагы жана Алжирдеги өкүлчүлүктөр дүйшөмбү күнү кайра ачылганы расмий кабарланды. Вашингтондо конгрессмендердин маалымдашынча, август айында АКШнын объекттерине 2001-жылдын 11-сентябрынан берки эң чоң чабуулдар даярдалып жатканын чалгындоо кызматтары кулак какты кылган. АКШ жана Интерпол да сапардагы адамдарды этият болууга чакырды. Мындай эскертүү июль айында Ирак, Ливия, Пакистан болуп, тогуз өлкөнүн түрмөлөрүнөн “ал-Каиданын” жүздөгөн согушчандары качканга байланыштуу жасалды.

XS
SM
MD
LG