Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Депутаттар соту: адвокаттар сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү


Сотко катышып жаткан «Азаттыктын» кабарчысынын билдиришинче, айыпталуучулардын адвокаттары соттун уланышына каршы болууда. Анда депутат Талант Мамытов депутаттардын ишин шашылыш карап, эртерээк бүтүрүү боюнча Ак үйдөн буйрук болгонун билдирди. Анын адвокаты Искендер Журабаев болсо бул коллегияга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Буга чейин айыпталуучулардын адвокаттары айрым актоочулардын ооруп калганына байланыштуу ишти кийинкиге жылдырууну суранышкан. Бирок ишти карап жаткан судьялар бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.(BkA\AKu)

XS
SM
MD
LG