Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Чыр чыккан пансионат жетекчилиги жергиликтүү тургундардын сунушуна макул болду


Ысык-Көлдөгү “Карвен 4 мезгил” жана “Радуга” пансионаттары жергиликтүү тургундарга пляжда акысыз эс алууга макулдук берди. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Дөөлөт Салмакеев билдирди. Анын айтымында, бүгүн өткөн жолугушууда пансионат жетекчилери пляжды коруган тосмолорду алып салууга макулдук берди. Ошондой эле жакындан тарта жергиликтүү тургундар үчүн киргизилген акы да четке кагылды.

Кечээ кечке маал “Карвен 4 сезон”, “Радуга” эс алуу жайларында чуу чыккан. Окуяга күбө болгондордун айтымында, чатак пансионаттардын күзөт кызматтары эс алуу жайынын аймагына жергиликтүү элди киргизбей койгондон улам чыккан. Жаалданган адамдар пансионаттардын дарбазаларын талкалап салганы айтылууда. Окуяга Ысык-Көл райондук милициясы аралашып, чатак басылды.(BkA\MK)

XS
SM
MD
LG