Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

АКШ Ирактагы бомба жардырууларын айыптады


Мамлекеттик департамент өз билдирүүсүндө жардырууларды уюштургандарды “исламдын душмандары” деп атаган. Ирактык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Багдаддын базарлары менен кафелеринде кечээ эл Айтты майрамдап жаткан учурда жасалган жардыруулардан кеминде 69 киши каза тапты. Мындан бир нече апта мурда “ал-Каиданын” Багдаддын жанындагы түрмөгө жасаган чабуулунан жүздөгөн согушкерлер бошонуп кеткен эле.

Расмий Вашингтон соңку жардыруулардын артынан “ал-Каиданын” Ирактагы лидери деп шектелген Абу Бакр ал-Багдадинин кармалышына алып баруучу маалымат үчүн 10 миллион доллар сыйлык берерин кайталады.

Сирияда жашырынып жүрөт деп шектелген Багдади Иракта 2011-жылдан бери жасалган бир катар теракттар жана жакында Абу-Грейб түрмөсүнө жасалган чабуул үчүн жоопкерчилик алган. (UE)

XS
SM
MD
LG