Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Кыргызстанда “Рошен” кондитердик азыктары текшерилип жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Төлө Исаков кабарлады. Анын айтымында, учурда Украинадан ташылып келген “Рошен” момпосуйларынын курамын аныктоо боюнча текшерүү жүрүп жатат. Лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгы эки күндөн кийин белгилүү болмокчу.

Исаковдун айтымында, эгер текшерүүнүн жыйынтыгында момпосуйлардын курамында зыяндуу азыктар болгону аныкталса, бул боюнча тиешелүү чечим кабыл алынмакчы.

Буга чейин Орусияда “Рошен” компаниясынын кондитердик азыктарынын курамында зыяндуу зат бар деген жүйө менен өлкөгө ташып кирүүгө тыюу салынган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG