Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:29

14-августка карата аба ырайы


Чукул эскертүү:

12-14-августта күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы:

13-августта түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар түшөт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл аймагында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28 градус ысыйт. Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27 градус ысык болот. Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 25...30 градуска чейин көтөрүлөт. Баткенде түнкүсүн 14...19, күндүз 23...28 градус ысыйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22 градуска жетет. Нарында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24 градуска чейин ысыйт.

Борбор калаа Бишкекте жаан жаашы мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 13...15, күндүз 25...27 градус болот.

XS
SM
MD
LG