Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

HRW, AI президент Алиевди “адептүүлүккө” чакырышты


Адам укугун коргоочу бараандуу 11 эл аралык уюм Азербайжан президенти Илхам Алиевге кайрылып, “Эркин Европа\ Азаттык” радиосунун журналисти Кадижа Исмайилованы каралоо өнөктүгүн токтотууга үндөштү.

"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык мунапыс жана башка уюмдардын кайрылуусунда журналистти каралап-жамандоо былтыр башталганы, тергөөчүлөр жагдайды иликтегенге даабай турганы айтылат. 2012-жылы мартта Исмайилова менен жигитин шерменде кылып көрсөткөн видеотасма интернетте жарыяланган. Исмайилова быйыл июлда Алиевдин көмүскө финансылык иштерге аралашуусу ыктымал экени тууралуу жазгандан кийин журналисттин купуя жашоосун чагылдырган мыйзамсыз видеотасмалар пайда болду.

Адам укугун коргоочулар өз катында Азербайжанда “жарандардын купуя жашоо жана сөз эркиндигин коргоп-сыйлоо боюнча эл аралык милдеттенмеси бар” экенин президент Алиевге эскертишет.

XS
SM
MD
LG