Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

Атамбаев Түркия президенти менен жолугууда


Ушу тапта Азербайжандын Габала шаарында президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти Абдулла Гүл менен жолугушууда. Кабарчыбыздын маалымдашынча, президенттер эки өлкө ортосундагы кызматташтык жана Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин келечеги тууралуу маселелерди талкуулашууда. Анда Атамбаев бул кеңешке башка түрк тилдүү мамлекеттерди да кошуу тууралуу демилгеcин көтөрүп, Гүл аны колдоого алды.

Мындан кийин Алмазбек Атамбаев Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жана Азербайжан президенти Илхам Алиев менен жолугаары күтүлүүдө.

Алмазбек Атамбаев бүгүн эртең менен түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине катышуу үчүн Азербайжандын Габала шаарына жөнөп кеткен.(AKu\BkA)

XS
SM
MD
LG