Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Ташкент-Бишкек: дипломатиялык чатак ырбадыбы?


Кыргызстан -- Тышкы иштер министрлигинин имараты, Бишкек.
Кыргызстан -- Тышкы иштер министрлигинин имараты, Бишкек.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тымызын маалымат чабуулуна негизделген дипломатиялык чатак жүрүп жатат.

Ташкендеги кыргыз элчилигинин биринчи катчысы Канатбек Шаршенбек окуянын чоо-жайын тактоо үчүн Бишкекке чакыртылып алынды. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен Анжиянда жол эрежесин бузду деп кармалган кыргыз элчилигинин айдоочусу боюнча иш териштирилип жатканын билдиришти. Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси бул окуялар боюнча расмий билдирүүдөн баш тартты.


Көбүртүлгөн жалаабы?


Айрым эл аралык маалымат агенттиктери Ташкенде Канатбек Шаршенбек аттуу кыргыз дипломаты тез жардам кызматынын кызматкерине кол көтөрүп, жаңжал салганы тууралуу маалымат таратышты. Ал маалыматта кыргыз элчилигинин биринчи катчысы улутчул мүнөздөгү мазактоолор менен буга чейин деле кошуналарына ыдык көрсөтүп келгени жазылган. Ташкендеги кыргыз элчилиги аталган дипломат менен медперсоналдын ортосундагы майда чатак көбүртүлүп жарыяланып жатканына тынчсыздануусун билдирген болчу.

Бир эле маалыматты ар түрдүү ат менен маалымат сайттарына жайгаштыруунун өзү эле бул жерде чагымчыл аракет жатканынан кабар берет...
Чыңгыз Эсенгулов

Бирок андан көп өтпөй эле элчиликтин айдоочусу Абдумалик Шарипов мас абалында, жогорку ылдамдыкта баратып Ош-Анжиян жолунан кармалганын жазып чыгышты.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Анара Абдырахманова бул эки факты тең учурда териштирилип жатканына токтолду:

- Канатбек Шаршенбек боюнча маалымат агенттиктерине жашыруун кат түшкөндүктөн ал Бишкекке чакыртылып, окуянын чоо-жайы такталып жатат. Ал эми айдоочуга байланыштуу маалыматты биз деле мына ошол сайттардан окуп жатабыз. Дипломатиялык канал боюнча буга байланыштуу маалыматтар келе элек. Эгер расмий маалымат келсе гана ошого байланыштуу териштирүү жүрөт.

Өзбекстандагы кыргыз дипломаттарынын кылык-жоруктарына байланыштуу маалыматтар www.12news.uz, www.maxala.org, www.zamondosh.blogspot.com сыяктуу каякта катталганы белгисиз интернет сайттары аркылуу байма-бай таралып, аларга айрым бир эл аралык агенттиктер шилтеме келтиришкен. Ошондой эле андай маалыматтар анонимдүү электрондук даректерден бир нече тилдерге которулуп жайылтылууда. Бирок анда Өзбекстандын бийлик органдарынын комментарийи жок.


Эл аралык тажрыйбада кандай?


Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси менен байланышканыбызда, ал айтылган фактылар боюнча расмий маалымат берүүдөн баш тартып, аны сайттардан окуп алууну сунуштады. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Чыңгыз Эсенгулов болсо бул эки маалымат тең атайын уюштурулган чагымга окшоп жатканын айтат:

Дипломаттарга жасалган мындай чагымчыл мамиле эл аралык тажрыйбада мамлекеттер ортосундагы согуштук кырдаалда да болгон эмес. Ошондуктан мындай маалыматтык каралоону териштирип, андан жыйынтык чыгаруу керек.
Талант Раззаков

- Тышкы саясаттагы биздин ишмердүүлүккө чабуул жасалып жаткандай. Эмнеге дегенде мына ошол Ташкенде иштеген биздин дипломаттын медперсонал менен сөз талашып кеткен учуру укмуштуудай көбүртүлүп жатканы буга күбө. Ага удаалаш эле элчиликтин айдоочусу боюнча такталбаган маалыматтардын ушунчалык тездик менен жайылтылышы мунун артында атайын уюштурулган максат бар экенин байкатып койду. Бир эле маалыматты ар түрдүү ат менен маалымат сайттарына жайгаштыруунун өзү эле бул жерде чагымчыл аракет жатканынан кабар берет.

Кийинчерээк Канатбек Шаршенбек аралашкан окуя ал жарыялангандан алда канча мурда - 23-июлда болгону белгилүү болду. Аталган сайттар болсо бул тууралуу августтун ортосунан тарта жаза баштады

Ушундан улам айрым талдоочулар Өзбекстандагы кыргыз дипломаттарына байланыштуу мындай маалыматтар жакында чек арада болгон чатактан кийин таралып жатканынан шек санашууда. Андыктан мында кыргыз дипломатиясына көлөкө түшүрүүгө жасалган аракеттин үлүшү бар дешет алар.

Коопсуздук боюнча эксперт Талант Раззаков мындай оюндарды өнөкөткө айланып бараткан көрүнүш деп мүнөздөдү:

- Бул боюнча тышкы иштер министри кандайдыр бир жооп берүүгө тийиш. Анткени дипломаттарга жасалган мындай чагымчыл мамиле эл аралык тажрыйбада мамлекеттер ортосундагы согуштук кырдаалда да болгон эмес. Ошондуктан мындай маалыматтык каралоону териштирип, андан жыйынтык чыгаруу керек. Негизи мындан мурунку жылдары Тажикстан менен Өзбекстандын мамилеси курчуп кеткен учурларда да ушуга окшогон маалыматтык чабуул болгон.

Жогоруда эксперт эске салгандай, буга чейин Өзбекстан менен Тажикстандын дипломаттарынын ортосунда ушуга окшогон кыр көрсөтүүлөр катталган. Мындай тирешүүлөр адатта чагымчыл аракеттер жана тымызын маалымат согушу менен коштолуп турат.

XS
SM
MD
LG