Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Ооганстан: Талибандын эки чабуулунда 14 тургун набыт болду


Хелманд провинциясынын администрациясынан кабарлашкандай, бүгүн эртең менен Маржа районунда жолго коюлган минадан машине жарылып, андагы беш адам өлгөн. Батыштагы Герат провинциясында болсо өткөн түнү жолду оңдоп жаткан куруучуларга козголоңчулар чабуул коюп, тогуз кишини атып кетишти.

Бириккен улуттар уюмунун акыркы баяндамасында айтылгандарга караганда, Ооганстанда киши колдуу болгон жайкын тургундардын саны, былтыркыга салыштырмалуу быйыл жарым жылда 23% өскөн. Быйыл январдан бери июнга чейин 1319 тургун мерт болуп, дагы 2533 адам жаракат алган.

XS
SM
MD
LG