Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Ош: мектептер китеп менен толук камсыз боло элек


Ош шаарындагы мектептер жаңы окуу жылына китеп менен толук камсыз боло элек. Айрыкча орус жана өзбек тилдүү мектептерде бул негизги маселе болууда. Шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, калаадагы жалпы мектептердеги китеп жетиштүүлүгү 52 пайызды көрсөтөт. Ал эми өзүнчө алганда кыргыз тилдүү мектептер 84, өзбек тилдүү мектептер 38, орус тилдүүлөрү 32 пайыз камсыз болгон. 2012-жылы китеп менен камсыздоо жалпысынан 29 пайызды гана түзгөн болчу.

Андан сырткары, 184 мугалимдин орду бош. Алар негизинен орус жана өзбек тилдүү мектептерге талап кылынат. Тагыраак айтканда, өзбек мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги 98, орус мектептерде 94 пайызды көрсөтөт. Кыргыз тилдүү билим уяларында адистер жетиштүү. Бош орундар Жогорку окуу жайларынын 4-5-курсунда окуп жаткан студенттер менен толукталууда. Алар түшкө чейин окуп,түштөн кийин мектепте сабак беришет. Өткөн жылы Ошто 222 мугалим жетишпеси белгилүү болгон.

Ош шаарында азыр 57 мектеп бар. Анын 4ү менчик мектептер болуп саналат. Бир мектептин окутуу системасы лицей тибинде жүргүзүлөт. (SE)

XS
SM
MD
LG