Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Сириядан Иракка миңдеген качкын өттү


Ирактын Күрд аймагына келип жаткан сириялык күрд качкындар.
Ирактын Күрд аймагына келип жаткан сириялык күрд качкындар.
Бул тууралуу Улуттар уюмунун Качкындар иши боюнча агенттиги билдирүүдө.

Алардын маалыматына караганда, өткөн бейшембиден бери Сириядан Ирактын түндүгүндөгү Күрд аймагына 20 миңден ашуун адам өткөн. Агенттиктин Ирактагы өкүлү сириялыктар бул өлкөгө “дарыядай” агылып келип жатканын, мындай буга чейин болбогонун белгиледи.

Улуттар уюмунун эсебинде, азыркыга дейре Иракта 154 миң сириялык качкын катталган.Сирияда 29 айдан бери уланып жаткан куралдуу кагылыштардан улам коңшу Иордания, Түркия, Ливанга эки миллиондой сириялык башпаанек издеп кетти. (UE)

XS
SM
MD
LG