Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:24

Автоунаага салык төлөө мөөнөтү узартылышы мүмкүн


Мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, автоунаага салык төлөө мөөнөтүн 1-сентябрга чейин узартуу демилгеси көтөрүлүп, бул боюнча токтом долбоору өкмөткө жөнөтүлдү.

“Тажрыйба көрсөткөндөй айдоочулар салык төлөөдө камырабай акыркы күнгө чейин жүрө беришет. Биздин анализ боюнча азыр салык төлөө жайларында кезекте тургандар көп болуп, төлөгөнгө жетише албай калып жатышат. Биз алардын кайрылууларын эске алып, ушундай демилге көтөрүп жатабыз. Азыр өкмөттөн жооп күтүүдөбүз”- деди Сазыков.

Буга чейин автоунаага салык төлөөнүн акыркы күнү деп 20-август белгиленген. Салык унаанын түрүнө, чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө, колдонулган мөөнөтүнө жараша эсептелет. Убагында салык төлөбөгөн айдоочулар 2000 сом айыппулга жыгылмак.(AzK)

XS
SM
MD
LG