Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Энергетикалык ичимдиктерге тыюу салынышы мүмкүн


Бул туурасында Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында ушул тапта энергетикалык ичимдиктердин зыяндуулугу боюнча фактылар чогултулуп, клиникалык текшерүүлөр өткөнү жатат. Ал материалдардын жыйынтыгы чыккан соң, департамент өкмөткө Кыргызстанда мындай ичимдиктерге тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу сунушун бергени жатат.

Төлө Исаковдун маалыматында, жакында Ысык-Көлдө энергетикалык ичимдикти ашыкча ичип алган эки өспүрүм ооруканага эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Кыргызстанда мындай ичимдиктерди 11ден 30 жаш куракка чейинки жарандар көп пайдаланат. Бир күндө бир гана бөтөлкөдөн ичиле турган бул ичимдикти артыкбаш колдонуу аракечтикке жеткириши мүмкүн. (AzK)

XS
SM
MD
LG