Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Соң-Көл: курултайчылар кысым болуп жатканын билдирүүдө


“Кутман Жол” коомдук бирикмесинин Нарын облусу боюнча жетекчиси Эрланбек Өмүралиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, азыр Соң-Көлдө курултайчылар тигип жаткан боз үйлөрдү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен укук коргоо органдары кысым көрсөтүп чечтирип жатат. Азыр тигилген 20 чакты боз үйдүн 5-6сы чечилгени кабарланууда.

Эрлан Өмүралиевдин айтымында, курултайдын уюштуруучулары эч кандай провокациялык аракеттерге барбай турганын айтышып, бийликтен курултайды өткөрүүгө жолтоо кылбоону суранууда. Алар эгер дагы ушундай басымдар күчөй турган болсо, Бишкек-Торугарт жолун тосоорун билдирип жатышат.

Нарын ички иштер башкармалыгынын башчысы Нарынбек Молдоисаев “Азаттыкка” милициялар боз үй тигилип жаткан жерге барбаганын, эч кандай тоскоолдуктар жасалбаганын билдирди. Ал милиция саясатка кийлигишпей турганын, алардын милдети коопсуздукту гана сактоо экендигин билдирди.

24-августта “Бүткүл Кыргызстан” жаштар саясий партиясы баштаган уюмдар, саясий партиялар Соң-Көлдүн Таш-Дөбө жайытында курултай өткөрөт. Уюштуруучубуз деген мекенчил жаштар позиция-оппозиция деп бөлбөй, кызыкдар тараптардын баарын чакырып, жаштардын башын бириктирүү максатын көздөп жатканын билдиришкен. (AzK)

XS
SM
MD
LG