Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Чолпон-Атада эффективдүү башкаруу боюнча талкуу өттү


Чолпон-Ата шаарында өткөн тегерек столдо өкмөт административдик территориалдык түзүлүш жана башкаруу системасын реформалоо боюнча концепция сунушталды. "Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Азаттыкка" айтканы боюнча, концепцияда айыл өкмөт башчысын аким сунуштап, акимге кошумча ыйгарым укуктар берилип, райондук бюджетти түзүү, райондук бюджетке айыл кирешесинин 30% алып калуу, жайыттардан түшкөн каражатты райондук бюджетке, кайра бөлүштүрүү фондуна караштуу жерлерди районго өткөрүү боюнча сунуштар киргизилген. Мындай сунуштарды катышуучулардын басымдуу бөлүгү колдогон жок. Акимдин укугун көбөйтүп, республиканын эсебинен райондун бюджетин кароо маселеси жактырылды.

Мындан тышкары райондук кеңешти кайра шайлоо, өкмөттүн облустагы ыйгарым өкүлүн губернатор деп атоо сунушу да колдоо тапкан жок. Талкууга парламент депутаттары, өкмөт жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. (AzK)

XS
SM
MD
LG