Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:20

Ак-Сууда кара тумоо катталды


Ысык-Көлдө каза болгон 15 жаштагы өспүрүмдөн алынган анализдердин алдын ала жыйынтыктары анын кара тумоодон (бубон чумасынан) каза болгонун көрсөтүп жатат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” жекшембиде мамлекеттин башкы санитардык дарыгери Төлө Исаков кабарлады.

Исаковдун маалыматында, 22-августта Ысык-Көлдө көз жумган 15 жаштагы өспүрүмдөн алынган анализдердин алдын ала жыйынтыктары анын өлүмүнө кара тумоо (бубон чумасы) себепчи болгонун көрсөткөн.

- Алдын ала жыйынтыктар боюнча бубон кара тумоосу деп айтылып жатат. Бүгүн акыркы жыйынтык айтылат. Муну тери же бубон формасындагы кара тумоо деп коёт. Бул жугуштуу эмес. Ошондуктан дүрбөлөң түшүүгө эч кандай негиз жок.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда өспүрүмдүн жанында болгон 102 адам аныкталып, текшериле баштады. Алардын 19у жергиликтүү дарыгерлер.

Бул окуя боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов жетектеген республикалык штаб түзүлүп, бүгүн жыйынга чогулмай болушту.

- Өспүрүмдүн анализдери Саламаттыкты сактоо министрлигинин лабораториясында текшерилип, ал кара тумоонун бубон түрүнөн каза болгону аныкталды. Окуяга байланыштуу түзүлгөн республикалык штаб бүгүн жыйынга чогулуп, ушул маселени карайт. Учурда Саламаттыкты сактоо, Айыл чарба, Ички иштер министрликтери жергиликтүү бийлик менен биргеликте жеринде карантиндик иш-чараларды жүргүзүп жатат. Дарыгерлердин билдиргени боюнча, кара тумоонун бул түрү аба аркылуу жукпайт. Карым-катыш болгондо гана жугат. Каза болгон өспүрүмдүн үй-бүлөсүн башкалардан бөлүп, кошуналар жашаган жердин баарында санитар-эпидемиологдор тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Дагы бир жолу айта кетким келет, чочулоого эч негиз жок. Себеби кара тумоонун бул түрү карым-катыш болгондо гана, кан же жараат аркылуу гана жугат. Аба аркылуу жукпайт.

22-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык ооруканасында эртең мененки саат сегизде дене табы көтөрүлгөн 15 жаштагы өспүрүм кайрылган. Сураштыра келгенде ал 17-августта Кашка-Суу жайытынан Ичке-Жергез айылына келгенде ооруп калганы маалым болгон. Өспүрүм реанимация бөлүмүнө которулуп, бирок көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, кечинде көз жумган. Жергиликтүү дарыгерлер ал кара тумоодон каза болушу мүмкүн деп шектенип, тиешелүү анализдер алынган.

Эртеси, 23-августта өспүрүмдөн алынган биринчи анализдин жыйынтыгы чыгып, бирок кара тумоо аныкталбаганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен “Азаттыкка” билдиришкен. Каза болгон өспүрүмгө "колтук жана жаак алдындагы сол тараптуу лимфаденит" (бездин чочушу-ред.) деген диагноз коюлган. Бирок ошол эле маалда биопробалар лабораториялык чычкандарга да коюлуп, текшерилип жатканы айтылган. Бул боюнча атайын республикалык штаб түзүлүп, жугуштуу оору очоктору көзөмөлгө алынган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Кашка-Суу участогунда ушу тапта 22 адам кара тумоо оорусуна каршы эмделди.

Булардан башка Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында 758 адам текшерилип, оорунун белгилери байкалган эмес. Каза болгон өспүрүм менен карым-катышта болгон айылдын 17 тургуну жана ооруканадагы 88 адам жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

Оттук айылына барчу Каракол-Турген-Эңилчек унаа жолунун 36 жана 110-чакырымында, Башарын жайлоосунда жана Ичке-Жергез айылында карантиндик бекеттер коюлуп, жол каттамы жабылды.

Каза болгон өспүрүмгө кара тумоо суурдан жуккан болушу мүмкүн деген божомолдор айтылып жатат.

Өткөн жылы жай айында Ак-Суу районундагы Эңилчек жайлоосундагы суурлар кара тумоо илдетине чалдыкканы белгилүү болгон. Буга байланыштуу аталган жаныбарга аң уулоого тыюу салынган.

Кара тумоону кемирүүчүлөрдөн башка майда чымындар, кененин айрым түрлөрү да алып жүрөт. Ал кара тумоонун таякчалары аркылуу жугат. Кара тумоо менен ооруган малдын терисин иштетүүдө, этин жегенде жана сүтүн ичүүдө жуктуруу коркунучу бар.

XS
SM
MD
LG