Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Дзюдо чемпионатына 5 кыргыз балбаны катышат


26-августта Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында дзюдо боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Ага Кыргызстандан тандалма спорт чеберлери Ислам Баялинов, Азат Кубакаеев, Чыңгыз Мамедов, Болот Токтогонов жана Юрий Краковецкий катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дзюдо федерациясынын башкы катчысы Эмил Рыскулов билдирди.

Эл аралык мелдештерде, Азия чемпионаттарында жетишерлик упай топтогон спортчулар гана дүйнө чемпионатына катышууга жолдомо алышкан. Мелдеш 1-сентябрда жыйынтыкталат. (КМа/МТо)

XS
SM
MD
LG