Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:14

Ошто электр кубаты менен камсыздоонун сапаты талкууланды


Бул тууралуу “Азаттыкка” ЮНИСОН уюмунун Оштогу мекемесинин өкүлү Нурланбек Ирисов билдирди:

- Ачык форматтагы талкууда калкты электр энергиясы менен камсыз кылуунун сапаты, аны колдонуудагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

Коомдук угууга мамлекеттик органдардын, “Ошэлектро” баш болгон электр энергиясын таркатуучу компаниялардын, жарандык коомдун, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Иш-чара “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосунда ишке ашты.

“ЮНИСОН” уюмунун Оштогу кеңсеси 2013-жылдын мартында ачылган. Бейөкмөт уюм негизинен отун, көмүр, электр энергиясы, климаттын өзгөрүшү, экология, санитария жана туризм тармактарында иш алып барат. (ErN)

XS
SM
MD
LG