Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

Арстанбап токой чарбасынын жетекчиси кайрадан шайланбай калды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдык кеңешинин депутаты Давлет Арзыкулов билдирди.

Депутаттын айтымында, айрым жергиликтүү тургундар шайлоонун уюштурулушуна тоскоол болушту. Алар шайлоо комиссиясы менен төрт талапкерди чарба кеңсесине киргизбей коюшкан. Нааразылар токой чарбанын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Кубат Артыковдун кызматта калуусун талап кылышууда.

Жалал-Абад облустук токой чарбанын жетекчиси Абдималик Элеманов шайлоо тургундардын каршылыгынан улам өтпөй калды деген маалыматты четке какты. Базар-Коргон районундагы Арстанбап токой чарбасынын жетекчисин шайлоо ушуну менен экинчи жолу үзгүлтүккө учурап жатат.

Арстанбап токоюнда жаңгактан сырткары алма, өрүк жана башка мөмөлөр, дарактар бар. (YA)

XS
SM
MD
LG