Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Атамбаев эксперттер менен диний кырдаалды талкуулады


Бүгүн президенттин алдындагы дин жана улут аралык мамилени өнүктүрүү боюнча эксперттик кеңештин жыйыны өттү. Жыйын өлкөдөгү диний кырдаалга жана андагы маселелерге арналды. Жыйында президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө диний жаатта бир катар көйгөйлөр бар экенин айтып, бул тармакты мамлекет өз көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи.

Коомдук эксперттик кеңеш этностор аралык, конфессиялар аралык мамилени өнүктүрүү жана мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн. Анын негизги милдети аталган тармактардагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн сунуштарды иштеп чыгат. Кеңешке диний эксперттер, укук коргоочулар жана окумуштуулар мүчө. (BkA)

XS
SM
MD
LG