Акыркы күндөрү Ооганстандын ар кыл аймагындагы согушчандардын кол салуусунан 12 жайкын тургун апаат болду. Пактия провинциясынан алты жарандын сөөгү жол боюнан табылган. Жергиликтүү бийликтер, мунун артында ким турары белгисиз экенин билдирүүдө. Ушул эле маалда Герат аймагынан Бүткүл дүйнөлүк банктын программасы боюнча иштеп жүргөн 6 кызматкер да өлтүрүлгөнү дайын болду. Аларды жекшембиде талибдер уурдап кеткен эле.