Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:07

Бириккен улуттар уюмунун инспекторлоруна Сирияда дагы 4 күн керек


Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун эл аралык инспекторлорго дагы 4 күн керектигин билдирди. Инспекторлор химиялык курал колдонулду делген жерди изилдеп жатышат. Ал жер Дамасктан алыс эмес жайгашкан.

Араб өлкөлөрүнүн Лигасынын өкүлү Лахдар Брахими химиялык курал колдонулган деп ишенээрин жарыялады. 21-августта жүздөгөн адамдар химиялык чабуулдан каза тапкан. Козголоңчулар химиялык куралды өкмөттүк күчтөр колдонду десе, Башар Асаддын режими оппозицияны күнөөлөп жатат.

Сириянын тышкы иштер министринин орун басары Файсал Макдад бүгүн "террорчуларга" зарин газын колдонууга АКШ, Британия жана Франция жардам бергенин жарыялап, аталган өлкөлөр өздөрү бул террорчул топтордон жабыркаарын кошумчалады.

Чет өлкөлүк куралдуу кийлигишүүдөн кооптонгон сирия бийликтери Израилге сокку жасаарын кыйытышты. Ал эми Израил ракеталарын жайгаштыра баштаганын израилдик аскердик радио кабарлады.

Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики Сирияга сокку жасалат деп күтүлүп жатканда ирактык коопсуздук күчтөр да даярдыкка келтирилгенин айтты. Британия БУУнун Коопсуздук кеңешине Асаддын өкмөтүнүн химиялык курал колдонушун сындаган резолюциянын долбоорун шаршембиде берет. Документ калкты коргоо боюнча чараларды да санкциялайт. Сириядагы кырдаалга кийлигишүүгө Орусия жана Иран караманча каршы болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG