Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:20

Атамбаев: Батукаевдин бошотулушунда Шамил Атаханов кемчилик кетирген


Президент Алмазбек Атамбаев “Азаттыкка” берген маегинде Азиз Батукаевдин бир күн ичинде бошотулуп, өлкөдөн чыгып кетиши күмөндүү суроолорду жаратканын билдирди. Мындан улам учурда бул ишти Башкы прокуратура кайрадан иликтей баштаган. Президент Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишинде мурдагы коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Шамил Атахановдун кемчилик кетиргенин жарыялады:

- Батукаевдин бошотулушу боюнча бир топ суроолор бар. Мен бул маселе боюнча тиешелүү адамдарды чакырып, сураштырдым. 8 жыл отуруптур, мүмкүн андан көп да отурса болот беле. Бирок бул да соттун чечими болуп жатат. Ачык айтканда, бул жерде мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов кемчилик кетирген.

Апрель айында Нарын шаардык соту кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү саналган Азиз Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. Кийин парламентте бул окуяны иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия "Батукаевдин айыккыс ооруга чалдыкканы күмөн" деген корутунду чыгарып, бир катар жогорку кызматтагы чиновниктерди кызматтан алууну тапшырган.(BkA)

XS
SM
MD
LG