Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Баткенде белгисиз парашютчулар изделүүдө


Бүгүн эртең менен Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүүлөр белгисиз парашютчулар талаага конгонун көрүшкөн. Алар тиешелүү органдарга кабарлап, учурда милиция, коопсуздук кызматкерлери жана чек арачылар парашютчуларды издеп жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун айтымында, мындай окуя мурда да катталган:

- Жергиликтүү малчылар беш парашютчу Сары-Жаз жайлоосуна конгонун айтышкан. Азыр коопсуздук, милиция жана чек ара кызматкерлеринен түзүлгөн төрт топ издеп жатат. Мурда да спортсмендер конушкан экен. Бирок кандай болгон күндө да биз аларды табышыбыз керек,- деди Абдраимов.

Жергиликтүү турундар парашютчулар кайда кирип кеткенин көрбөй калышкан. (AKu)

XS
SM
MD
LG