Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Кошуна өлкөнүн лидерлери Атамбаевге куттуктоо катын жолдоду


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов жана Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендик майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Назарбаев куттуктоосунда “Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда кылымдар бою түптөлгөн достук жана кызматташтык мындан ары да өнүгөрүнө ишенем”, - деп жазылат.

Ал эми Каримов "региондогу стабилдүүлүктү жана тынчтыкты сактоо кызыкчылыгы, элдерибиздин кызыкчылыгы үчүн өзбек-кыргыз мамилеси өнүгө берет деп ишенем”, дейт.

Тажик президенти Эмомали Рахмон болсо тажик-кыргыз алакасынын өнүгүүсүнө чын ниеттен кызыкдар экенин, ал үчүн бардык зарыл күчүн жумшаганга даяр экенин билдирген.

Түркмөнстан башчысы Гурбангулы Бердымухамедов куттуктоосунда Кыргызстандын элине өнүгүү, тынчтык каалады.

Эртең Кыргызстан эгемендигинин 22 жылдыгын белгилейт. (AKu)

XS
SM
MD
LG