Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Кыргызстанда Эгемендик майрамы белгиленүүдө


Бүгүн Кыргызстанда Эгемендиктин 22 жылдык маарекеси белгиленүүдө. Өлкөнүн бардык район-шаарларынын борборлорунда майрамдык иш-чаралар элдик сейилдөөлөр, спорт оюндары уюштуруларын жергиликтүү бийликтердин басма сөз кызматтары маалымдашкан.

Мамлекеттик деңгээлдеги негизги иш-чара Бишкектин Ала-Тоо аянтында болот.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, Эгемендикти майрамдоо учурунда борбор калаада 3000дей милиция кызматкери, Ички иштер министрлигинин ички аскерлери жана элдик кошуундар коомдук тартипти сактоого тартылат.

Кыргызстан 1991-жылы СССРдин курамынан бөлүнүп чыгып, ошол кездеги жетекчилик тарабынан 31-август – Эгемендик майрамы деп жарыяланган. Мамлекеттик желеги жана гимни 1992-жылы, Конституциясы 1993-жылы, ал эми герби 1994-жылы кабыл алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG