Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Көкбөрү: “Суусамыр-Тынай” жеңди


Көкбөрү боюнча өткөрүлгөн Президенттин кубогунда “Суусамыр-Тынай” командасы биринчиликти ээлеп, 1 миллион сомду жеңип алды. Экинчи орунга Сокулуктун “Кожомкул” командасы, үчүнчүлүккө Бишкектин “Бөрүлү” командалары татыктуу болушту. Экинчи орундагыларга 600 миң, үчүнчү болгондорго 400 миң сом ыйгарылды.

Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында беш күнгө созулган мелдеште жалпысынан 11 команда катышты. Байгелерди Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев, Көкбөрү федерациясынын башчысы Канат Исаев жана Бишкектин мэри Иса Өмүркулов тапшырды.

Кубок үчүн Президенттин фондунан 500 миң сом каралган. Байге фондунун калган каражаты Көкбөрү федерациясы жана демөөрчүлөр тарабынан берилди.

Көкбөрү оюну жыл сайын Эгемендик майрамына карата уюштурулат. Быйылкы оюнга 10 миңден ашуун көрүүчү келди. (КМа)

XS
SM
MD
LG