Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Ош: окуучуларга милиция сабак өтөт


Ош шаарында милиция кызматкерлери мектеп окуучуларына коопсуздук боюнча окууларды өткөрүшөт. Шаардык Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги кызматкерлерге окуучуларга коопсуздук жана коргонуу чараларын үйрөтүүнү тапшырды.

Башкармалыктын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Оштогу ар бир мектепке 2-3төн милиция кызматкери бөлүндү. Алар окуу жылынын алгачкы жумасында мектеп окуучуларына жолдо жүрүү эрежелери жана мектептеги зомбулуктарды азайтуу жаатында сабак беришет. Андан сырткары, ата-энелер менен балдардын тарбиясына байланыштуу талкууларды, түшүндүрүү иштерин өткөрүшөт.

Иш-чара окуучулар арасында кылмыштуулукту жоюу жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында уюштурулууда. (SE)

XS
SM
MD
LG