Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:50

"Альфа Телеком” жана “Дастан” заводунун баасын аныктоо боюнча тендер өтөт


Бүгүн “Альфа Телеком” ишканасынын 49 пайыздык мамлекетке караштуу үлүшүн, “Дастан” заводунун 98 пайыздык үлүшүн жана “Манас” аэропортунун кичи терминалынын баасын аныктоо боюнча тендердин мөөнөтү аяктады. Буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тендер жарыялаган болчу. Эми жакынкы аралыкта тендердин мөөнөтү аныкталмакчы.

"Дастан" заводу Советтер союзу мезгилинде түптөлүп, азыркы кезге чейин иштеп жаткан бирден-бир завод. Анда “Шквал” аттуу торпедо чыгат. Ал эми “Мегаком” деген ат менен белгилүү “Альфа Телеком” уюлдук компаниясынын 49 пайыздык үлүшү 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң улутташтырылган. Бул ишканалардын мамлекеттик үлүшүн сатууга Жогорку Кеңеш 27-июнда макулдук берген. (BkA)

XS
SM
MD
LG