Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Талас: күйдүргүгө шектелген жаран дарыланууда


Күйдүргү дартына чалдыкты деп шектелген жаран Талас облустук биргелешкен ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунун кеңешчиси Шабдан Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, август айынын соңунда Кызыл-Адыр айылынын 37 жаштагы тургуну күйдүргү оорусуна шектелип, республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасына жаткырылган. Аталган оорукананын дарыгерлери анын терисинде күйдүргү жарасы бар деп аныктама коюшкан. Оорулуу жатып дарыланууга макул болбой, үйүнө кетип калгандан соң республикалык карантин жана өзгөчө жугуштуу оорулар борборунун адистери аны облустук ооруканага жаткырышкан.

“Экинчи жолку лабораториялык текшерүүнүн натыйжасы анын күйдүргү дартына чалдыкканын аныктаган жок. Ошентсе да, ал ооруга шектелип дарыланууну улантып жатат. Акыркы тыянак дарыгерлердин текшерүүлөрүнөн соң чыгат. Учурда аны менен байланышта болгон 7 адам да дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүүдө”,- дейт Рыскулов.

Ооруга шектүү жаран Бишкек жана Талас шаарларында бодо мал союп, сатып жүргөнү айтылууда. Күйдүргү дарты негизинен адамга мал этинен жугарын адистер белгилешет. Жыл башынан бери өлкө аймагында күйдүргүнүн 8 учуру катталган. (SE)

XS
SM
MD
LG