Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Мектеп рэкетчилигине каршы тасма көрсөтүлөт


Кыргызстанда мектеп рэкетчилигине каршы атайын тасма тартылды. Анда мектептеги зомбулук, чоң жана майда класстагы окуучулардын ортосундагы чатактардын себептери сүрөттөлөт. Тасмада баласынын зомбулукка дуушар болуп жатканын ата-эне кандай жолдор менен байкашы керектиги жөнүндө да кеп-кеңештер камтылган.

Орус тилиндеги тасманын өз аталышы “Мышеловка” ("Капкан"). Даректүү тасма эл аралык ACTED уюму тарабынан USAIDдин каржылык колдоосунда тартылган. Тасманын бет ачары 13-14-сентябрь күндөрү К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде жана И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетте болот. Бул тууралуу анын уюштуруучулары маалымдашты.(SE)

XS
SM
MD
LG