Өкмөттүн маалымат кызматынан “Азаттыкка”кабарлашкандай, “Кыргызнефтегаз” Орусиядан 177 миллион сомдук бургулоо машинасын сатып алды. Кышка даярдыкты текшерүү максатында Жалал-Абадда жүргөн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ишканада болуп, мунай зат жана газ өнөр жай кызматкерлерин бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктайт.
Мындан тышкары премьер-министр Таш-Көмүр шаарындагы Шамалды-Сай ГЭСинде, “Кристалл” акционердик коомунда жана “Тегене” көмүр казуучу шахтасында болот. (AzK)
Мындан тышкары премьер-министр Таш-Көмүр шаарындагы Шамалды-Сай ГЭСинде, “Кристалл” акционердик коомунда жана “Тегене” көмүр казуучу шахтасында болот. (AzK)