Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:43

Москвада “Айтматовдун ааламы” деп аталган талкуу болду


Тегерек стол залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата Кыргызстандын Москвадагы элчилиги тарабынан уюштурулду. Ага Москвадагы чыгармачыл чөйрө, Айтматов менен чогуу иштеген кесиптештери жана кыргызстандык акын-жазуучулар катышты. Иш-чараны бир кездерде Айтматов редакторлук кылган “Элдер достугу” адабий журналынын башкы редактору Александр Эбаноидзе ачты. Андан тышкары Чыңгыз Айтматов “Иностранная литература” журналын жетектеп турган учурда анын орун басары болгон Николай Анастасьев, кыргызстандык акын Михаил Синельников Айматовду эскерип, сөз сүйлөштү.
Чыңгыз Айматовдун 85 жылдык мааракесине карата Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жазуучунун чыгармалары боюнча балдар арасында сынак уюштурган. Жакынкы күндөрү Ростов-на-Дону шаарында “Замандаш” ассоциациясы тарабынан Айтматовдун эстелиги тургузулмакчы.
20-кылымдын кеменгер жазуучусу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда туулган. 2008-жылы дүйнөдөн кайткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG