Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Өлкөдө сегиз айда дүң өнүм былтыркыдан 7,4 пайызга өстү


Бул тууралу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кечээ Кочкор-Ата
шаарында мунай жана газ өндүрүүчүлөрдүн кесиптик күнүнө арналган салтанатта сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, жакын арада Чаткал районундагы "Иштамберди" кени кайрадан ишке кирип, эмки жылы Кеминдеги “Талды-Булак”, Ала-
Бука районундагы “Бозымчак” сыяктуу алтын кендери иштей баштайт.

Макмал жана Терек-Сай кендеринин иштөө мөөнөтү жыйырма жылга
узартылды. Айыл чарбасын колдоого жеңилдетилген 3 миллиард сомдук
насыя берилди. Быйыл сегиз айда өлкөнүн ички дүң өнүмү былтыркыдан 7,4 пайызга өстү. Буга “Кыргызнефтегаз” ишканасынын да салымы зор. Анткени, 2009-жылдан бери ишкана кирешени 25 эсеге, салык жана соцфонд төлөмдөрүн төрт эсеге көбөйттү”, - деп айтты Жантөрө Сатыбалдиев. “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун мыкты кызматкерлерине өкмөттүн, Жогорку Кеңештин жана энергетика, өнөр жай министрлигинин баалуу сыйлыктары тапшырылды.

Бүгүн - республиканын мунай жана газ өндүрүүчүлөрүнүн кесиптик майрамы. (YA)

XS
SM
MD
LG