Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

Күлүйпа Кондучалованын сөөгү жерге берилет


Мурдагы маданият министри, коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованы акыркы сапарга узатуу расмиси бүгүн саат 10:00 Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот. Маркумдун сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Кыргыз эл баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова 7-сентябрда, 93 жаш курагында көз жумду. Ал XX кылымдагы Кыргызстандын тархында мамлекеттик жетекчиликке көтөрүлгөн биринчи аял - саясатчы болгон. Кондучалова Маданият министри болуп турганда кыргыз маданиятынын алтын доору башталып, кыргыз мамлекетинин куралышына, кыргыз элинин руханий жактан өсүшүнө зор салым кошкону айтылып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG