Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Кыргызстан - АКШ аскерий кызматташтыгы бекемделүүдө


Кыргызстан менен АКШныны ортосундагы аскерий кызматташтык бекемделүүдө. Бул күндөрү Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Шерикбай Султанов жетектеген расмий делегация АКШнын Монтана штатында иш сапарда жүрөт. Алар Монтананын губернатору жана улуттук гвардиясынын башчысы менен жолугат. Курал-жарак жана башка техника сакталган кампаларын көрөт.

Кыргызстан менен Монтананын аскерий кызматташтыгы 1996-жылы башталган болчу. Аталган штаттын гвардиячыларынын 60 пайыздан көбү Ирак согушуна катышкан, учурда көбү дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө тынчтык орнотуу миссияларына катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG