Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Кафеден ууланып ооруканага түшкөндөрдүн саны көбөйдү


Бишкектеги "Енисей" кафесинен 7-сентябрда ууланып, ооруканага түшкөндөрдүн саны көбөйдү. Кечээ Саламаттыкты сактоо министрлиги 68 адам жаткырылганын кабарлаган, бүгүн 82 экенин билдирди. Алардын 12си балдар. Баарынын абалы оор эмес. Тиешелүү дарысын алып жатат. Дары-дармек жагынан тартыштык жок.

Санитардык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу департаментинин жетекчиси Төлө Исаковдун "Азаттыкка" кечээ билдиргени боюнча, алдын ала изилдөөлөр боюнча, ууланууга салат жана тоок эти себеп болгон.

Санитарлардын айтымында, ар бир кафе-ресторанды күнүгө текшерүүгө алардын акысы жок. Ал эми кафе ээлеринин баары санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышына тиешелүү көзөмөл жүргүзбөйт. Мисалы, ошол эле "Енисей" кафесинде иштеген кызматкерлердин биринде да медициналык кароодон өткөнү тууралуу документ жок болуп чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG