Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Кытайдын президенти Си Цзинпин Кыргызстанга келди


Кытайдын президенти Си Цзинпин баштаган расмий делегацияны “Манас” аэропортунан Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев баштаган бир катар жогорку мамлекеттик кызматкерлер тосуп алышты. Расмий кабыл алуу учурунда эки мамлекеттин гимни ойнотулду.

Си Цзинпин менен кошо Кытайдан 21 киши келди. Ал эми ШКУ саммитине Кытайдан 100 чакты өкүл келери кабарланууда.

Президенттин басма сөз кызматынын кабарлашынча, Кыргызстан менен Кытай мамлекет башчыларынын расмий жолугушуулары эртең болот.

Кытайдын президенти Си Цзинпин ШКУ саммитин утурлай Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырды. Ал буга чейин Түркмөнстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда болду.

Си Цзинпин 2013-жылы 14-мартта кызматка киришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG