Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

ШКУ саммити: Күн тартибиндеги негизги маселе - коопсуздук


Эртең,13-сентябрда Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде каралчу негизги маселе - аймактагы жана жалпы дүйнөдөгү коопсуздук. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков билдирди. Ал Сирия боюнча да пикирлер айтылышы мүмкүндүгүн четке каккан жок.

Бүгүн кыргыз тарап конокторду тосуп алуу менен алек болууда. Саммитке баардык мүчө өлкөлөрдүн президенттери - Нурсултан Назарбаев (Казакстан), Си Цзинпин (Кытай), Владимир Путин (Орусия), Эмомали Рахмон (Тажикстан) жана Ислам Каримов (Өзбекстан) келип катышаары маалым болду. Ал эми уюмдагы беш байкоочу өлкөнүн ичинен Иран, Ооганстан жана Монголиянын президенттери, Индия менен Пакистандын тышкы иштер министрлери келатат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG