Аймактагы коопсуздук боюнча жаралып жаткан коркунучтарга бирге гана туруштук берсе болот. Бул тууралуу бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде Кытай лидери Си Цзинпин билдирди. Ал ар бир мамлекет өз алдынча туруштук бере албасын айтып, унаа, соода, энергетика, азык-түлүк коопсуздугу багыттарында байланыштарды бекемдөөгө чакырды. Ортодо атайын эсеп ачуу зарылдыгын айтты. (RK)