Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Путин: Иран атом энергиясын тынчтык максатта колдонууга укуктуу


Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкектеги ШКУнун жыйынында Ирандын атомдук энергияны тынчтык максатта колдонууга жана байытууга укугу бар деп билдирди. Анын айтымында, ШКУнун мүчөлөрү Ирандын өзөктүк программа боюнча ачык саясат жүргүзүү демилгесин колдоого алат.

Ушу тапта Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмунун президенттеринин 13-саммити өтүп жатат. Ага ШКУ мүчөлөрү болгон Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана бул уюмга байкоочу макамындагы Иран, Ооганстан, Монголиянын президенттери, Индия, Пакистандын расмий өкүлдөрү катышууда.

Жыйында аймактагы коопсуздук, Сириядагы чатакты жөнгөрүү жолдору жана Ооганстандагы 2014-жылдагы коопсуздук маселелери талкууланат. (BkA)

XS
SM
MD
LG