Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Новгород облусундагы бейтапканада өрт чыкты


Орусиянын Новгород облусундагы психиатрикалык ооруканада болгон өрттөн кийин 37 киши дайыны белгисиз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий өкүлү Олег Воронов жоголуп аткандардын айрымдары өрт башталганда качып чыгууга үлгүрүп, аман калган болушу мүмкүн деп “Эхо Москвы” радиосуна билдирди.

Жергиликтүү бийлик кырсыктан эки киши каза болгонун тастыктады. Орус маалымат каражаттары кабарлашкандай, тергөөчүлөр өрт тамекиден чыккан болушу ыктымал деп болжолдошот. Клиниканын имараты толугу менен күйүп кетти.

Апрелде Москванын четиндеги психиатрикалык ооруканада өрт чыгып, 38 киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG