Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

Токтогул ГЭСине донор 75 миллион доллар бөлүүгө даяр


Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүгө Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы (ЕӨРБ) 75 миллион доллар бөлүүгө даяр. Бул тууралуу Энергетика жана өндүрүш министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

13-сентябрда банктын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Лариса Манастырли менен министр Осмонбек Артыкбаев жолугуп, ГЭСти калыбына келтирүү боюнча долбоорду каржылоону талкуулашты. “Токтогулду” реабилитациялоодо негизги каржылоочу Азия өнүктүрүү банкы болуп эсептелет. Аны калыбына келтирүү долбоорунун экинчи бөлүгүнө жалпысынан 190 миллион доллар керек.

Кыргызстандын негизги гидроэлектрстанциясын калыбына келтирүүнүн экинчи фазасы финансылык, башкаруу тармагындагы текшерүү, эсеп-кысап кылууну камтыйт. Бирок министр “Электр станциялары” компаниясына Кыргызстандын энерго тармагындагы активдерди баалап чыгууну, техникалык аудит жүргүзүүнү да сунуштады. (AKu)

XS
SM
MD
LG