Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

Сирия БУУнун химиялык курал конвенциясына октябрда кошулат


Дамасктын аталган конвенцияга кошулуу арызы расмий кабыл алынганын Улуттар уюму ырастады. БУУнун жарыясына караганда, Сирия эми химиялык курал ковенциясына14-октябрдан тарта кошулмакчы.

Бул жарыянын алдында кечээ АКШ менен Орусия Сириянын химиялык куралы боюнча планды макулдашкан. Ага ылайык, Дамаск химиялык куралынын толук тизмесин бир апта ичинде бериши, өлкөгө ноябрдан кечикпей курал инспекторлору барышы, ал эми 2014-жылдын ортосуна чейин Сириянын химиялык куралы жок кылынуусу керек.

АКШ президенти Барак Обама макулдашууну кубаттап, президент Башар Асаддын өкмөтүн аны аткарууга чакырды. Обама белгилегендей, эгер дипломатиядан майнап чыкпаса, “АКШ чара көрүүгө даяр бойдон калат”.

АКШ-Орусия макулдашуусун Кытай, Британия, Франция, Германия, Иран кубатташты. Сириянын мамлекеттик САНА жаңылыктар агенттиги макулдашууну “башталыш” деп мүнөздөдү, бирок өкмөт аны аткаруу ниетин азырынча айта элек.

Оппозициядагы Эркин Сирия армиясы болсо баары бир Асадды кулатуу максатындагы күрөшүн уланта берерин билдирди.

Алардын колбашчысы Салим Идрисстин ырастоосунда, Сирия армиясы химиялык куралын соңку күндөрү коңшу Ливан менен Иракка жайгаштырууда:

- Улуттар уюмунун инспекторлору Сирияга келгенде, режимдин химиялык куралы жана химиялык материалдары Ливан менен Иракта болот. Биз режим бул материалдарды жөн-жай тургундарга жана Эркин Сирия армиясынын согушкерлерине каршы колдонобу деп кооптонобуз.

Салим Идрисс Стамбулдагы басма сөз жыйында АКШ-Орусия макулдашуусу Сирия режими үчүн “убакыттан утуу” болорун гана кошумчалады.

XS
SM
MD
LG