Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:04

“Музейдеги түн” акциясына 2000ден ашуун адам келди


Ошто ишемби күнү өткөн “Музейдеги түн” акциясына 2000ден ашуун көрүүчү келди. Иш-чара Сулайман-Тоо тарыхый музейинде өттү. Келгендерге түн бир оокумга чейин жергиликтүү рок-группалардын, рэп айтуучулардын концерти, сүрөт көргөзмөлөрү, спектаклдер, экскурсиялар уюштурулду.

Иш-чара Youth of Osh коомдук бирикмесинин “Жаштардын демилгелерин колдоо фонду” долбоорунун алкагында ишке ашты. Коопсуздук чаралары мэрия тарабынан камсыздалды.

Уюмдун адиси Акылай Каримова “Азаттыкка” билдиргендей, мындай акция Ошто алгачкы жолу болду. Анын максаты – жаштардын музейге кызыгуусун арттыруу, маданий жашоону өркүндөтүү.

Акция “Сорос-Кыргызстан” фондунун Жаштар программасынын каржылык колдоосу менен өттү. (SE)

XS
SM
MD
LG