Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:07

Турсунбек Акун ачкачылык жарыялады


Турсунбек Акун бүгүн саат 11де ачкачылык акциясын баштайт. Ал өзүн "мыйзамсыз жумуштан бошотулдум",- деп эсептейт жана Батукаевдин бошотулушуна тийиши бар делген бардык чиновниктердин 20-сентябрга чейин жумуштан кетишин жана парламенттин тарашын талап кылууда. Бул тууралуу Акун өзү “Азаттыкка” маалымдады.

Ачкачылык акциясын Акыйкатчы институтундагы өзү иштеп жаткан бөлмөдө баштайт. Талаптары аткарылбаса Ак үй жакка барып, улантаарын белгилөөдө.
Турсунбек Акун Батукаевдин бошотулушуна Зарылбек Рысалиев, Аида Салянова жана Бусурманкул Табалдиевдин тиешеси бар деп эсептээрин айтып келет.

Парламент криминалдык чөйрөнүн "лөгү" делген Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошонуп кетишине байлап жайкы эс алууга кетээр алдында Турсунбек Акунду кызматтан алуу тууралуу чечим чыгарган. Бул үчүн Акун Жогорку Кеңешти сотко да берген. Акыйкатчыны шайлоо ушул айда болот, ага 50дөн ашуун талапкер катталган. (SE)

XS
SM
MD
LG