Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Бишкекте «Бир дүйнө - Кыргызстан» фестивалы өтөт


«Бир дүйнө - Кыргызстан» деген аталыштагы адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын VII эл аралык фестивалы 18-сентябрда башталат. Анын алкагында 34 тасма көрүүчүлөргө сунушталат. Тасмалар кыргыз тилинде көрсөтүлүп, орус жана англис тилиндеги субтитрлери менен берилет. Бул тууралуу «Азаттыкка» бүгүн иш-чаранын уюштуруучулары маалымдашты.

24-сентябрга чейин созулчу фестивалдын негизги максаты – коомдун укуктук аң-сезимин даректүү тасмалар аркылуу жогорулатуу, адам укуктары жана учурдагы актуалдуу социалдык маселелер тууралуу даректүү тасма тарткан жаш режиссерлордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Быйылкы фестивалга дүйнөнүн 14 мамлекетинен тасмалар сунушталууда. Алар: АКШ, Белгия, Түштүк Корея, Улуу Британия, Канада, Зимбабве, Швеция, Польша, Түштүк Африка, Франция, Нидерландия, Германия, Сербия, Казакстан.

«Бир дүйнө-Кыргызстан» фестивалы Борбордук Азияда адам укуктары темасында өткөрүлүп келе жаткан жалгыз кинофестиваль. Аны “Бир дүйнө - Кыргызстан” укуктук кыймылы уюштуруп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG